Электр тармактар ишканасынын директорунун орун басары үй камагына чыгарылды

  • 2 дня мурун

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаев үй камагына чыгарылды.

Абылаевдин үй камагына 8-октябрда чыгарылганын 14-октябрда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталгандыгын 8-октябрда маалымдаган. 

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган Аскат Абылаев  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен Аскат Абылаевдин баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып, эки айга камалган. Иш боюнча тергөө иштери уланып жатканы белгиленген.

Сүрөттө: Аскат Абылаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты