Элдик курултай 15-декабрда өткөрүлөт
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарында элдик курултайды өткөрүү 2023-жылдын 15-декабрына дайындалды.
Элдик курултайга 700 киши шайланат.
Биринчи элдик курултай ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн.
Архивдик сүрөт. Биринчи элдик курултай.
Муну бөлүшүү