Элчилик: Орусияда убактылуу жашаган кыргызстандыктар мобилизацияга чакырылбайт

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарында Россиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруу жөнүндө тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу мындай деп билдирүү таратты:  

“Россия Федерациясында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан чакыруу кагаздары жаңылыш түрдө алынган учурда элчилик Россия тарап менен бирге кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөт”.

Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилиги билдирди.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик Дума өлкөнүн кылмыш-жаза кодексин «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты