Эл аралык журналисттерди коргоо комитети 11 журналистке козголгон кылмыш ишти токтотууга чакырды

  • 4 месяца мурун

Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин Темиров Live иликтөө долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине ачылган кылмыш ишти токтотуга чакырды. Бул тууралуу уюм билдирүү таратты.

Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид журналисттер ойлоп табылган айыптоолор менен кесилсе, Кыргызстандын эл аралык аброюна доо түшө турганын билдирди.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. Алардын айрымдары үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты