Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин «Клоопту» куугунтуктоону токтотууга чакырды

  • 11 месяцев мурун

Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин «Клоопту» куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Кыргызстандын бийлигин «Клоопту» жоюу демилгесиндеги тынчсыздандырган тенденцияны токтотууга чакырышты.

Медианы жоюу тууралуу арызды артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууну сунушташты.

Кайрылууга кол койгондар:

Freedom Now;

Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду;

Адам укуктары үчүн эл аралык федерация;

Норвегиядагы Хельсинки комитети;

Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму;

Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм. 

28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазган. Анда “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтар басымдуулук кылары” айтылган.

Прокуратуранын катында “Клоопко” карата 2021-жылы 2-ноябрда УКМК “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, экспертизалар дайындалганы да айтылган. Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун жазганы боюнча, Kloop.Media коомдук фонд катары катталып, ЖМК катары мамлекеттик реестрде катталган эместиги айтылат. Башкы прокуратура жана Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы кайрылуу болгонун ЖМКга тастыктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты