Эл аралык баңгизат жүгүртүүгө тиешеси бар өзбекстандык жаран кармалды
- 3 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 22-февралда баңгизат менен К.Б.Г. аттуу Өзбекстан жараны кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды жана андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылып алынган. Бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү