Эксперт Сакпаев: «Эркиндик үчүн күрөшөлү» деген сөз болбосо, массалык башаламандыкка чакырык белгилери жок»

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-июлда, 11 журналисттин иши боюнча сот отуруму Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өттү.

Отурумда кылмыш иши боюнча эксперттер сурала башталды. Эксперт Нурлан Сакпаев соттун суроолоруна жооп берди.

Нурлан Сакпаев “Эркиндик берилбейт, эркиндик үчүн күрөшөлү” деген сөз болбогондо массалык башаламандыкка чакырыктын белгилери жок деп тыянак чыгармакмын» деп жооп берди.

Махабат Тажыбек кызы жогорудагы сөздү “Манас” эпосунан алгандыгын жана өзүнүн сөзү эмес экендигин айтты.

Кийинки сот процесси 25-июлда болот. Кийинки сот процессинде калган эксперттер суралат.

Бүгүн, 18-июлда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралды.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 18-июль, 2024-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты