Эдил Байсаловдун гимн тууралуу кайрылуусунда мамлекеттик символду мазактоо камтылган

31-октябрда Кыргыз улуттук Күрөңкеев атындагы окуу жайынын 85 жылдык мааракесине арналган иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик гимн тууралуу пикирин айтып жатып, аны уйдун мөөрөгөнүнө окшоштурган.

“ПолитКлиника” медиасы анын сөздөрүнө анализ жасап көрдү.

Эдил Байсалов өз сөзүндө гимнди өзгөртүү сунушу боюнча көпчүлүк айткысы келген нерсе экенин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолгон:

“Биз ырдаганды сүйгөн элбиз. Өлкөбүзгө болгон сүйүүнү билдирип толо көкүрөк менен ырдагыбыз келет. Биз антип ырдай албай жатабыз. Дал ушул биздин филармониянын имаратынын чоң залында жума сайын иш-чаралар өткөрүлөт. Ыр эмес эле  мөөрөө… сөздөрү мына. Ошондуктан, урматтуу биздин адистер жана музыканттар, баарынан мурун сиздер (сунушту) кабыл алып, колдоо көрсөтөт деп ишенебиз” деп айтылат.

Соцтармактардын колдонуучулары Байсаловдун кайрылуусу бар видеолордун алдына мамлекеттик символду мазактоо болуп жатканын айтып, комментарийлерди калтырышкан.

Кайрылуу орус тилинде жасалганы менен, саясатчы мөөрөө сөзүн (мычание) колдонгонун так угууга болот. Бул мыйзамга ылайык, мамлекеттик символду мазактоо болуп эсептелет.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, ар бир жаран, ошондой эле өлкөнүн  аймагында жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү. Ошондой эле мамлекеттик символдорду маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылары айтылат.

Ал эми мамлекеттик символдор болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу, герби жана гимни  эсептелет. 

Белгилей кетсек, мамлекеттик туунун артынан гимнди да өзгөртүү сунушу Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев тарабынан 25-октябрда сунушталган. 

Андан кийин эле өлкө президенти Садыр Жапаров гимнди өзгөртүү заман талабы экенин айтып, өз позициясын билдирген.

Учурда бул сунуш коомчулук тарабынан чоң талкууга алынып, каршы да макул да пикирлер айтылып жаткан учур. Бирок азырынча бул маселе Жогорку Кеңеште карала элек. 

Бүгүнкү күндө 1992-жылы кабыл алынган гимн Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик гимни болуп эсептелет жана мыйзам аны мамлекеттик символ катары урматтоону жана сый көрсөтүүнү талап кылат. 

Жыйынтык: Эдил Байсаловдун гимн тууралуу кайрылуусунда мамлекеттик символду мазактоо камтылган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты