“Эч кандай кризис жок!”. Эдил Байсаловдун манипуляциясы

15-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандагы бюджеттин дефицити тууралуу жазып чыккан. Ал Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгы жок экенин жана өлкөдөгү дефицит тууралуу кырдаалды “өтө компетенттүү эмес сынчылар” жаратып жатканын айткан. 

“Эч кандай кризис жок!”. Эдил Байсаловдун манипуляциясы

“ПолитКлиника” медиасы Эдил Байсаловдун айткандарын текшерип көрдү. 

“Бюджетте эч кандай тартыштык жок!” 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эң алгач өлкөдө бюджеттин дефицити жок экенин баса белгилеген. Ал президент Садыр Жапаровдун тушунда бюджет эки эсеге көбөйгөнүн айткан.

“Соңку учурда “өтө компетенттүү эмес сынчылар” жылдын аягына чейин белгиленген 30 миллиард сомдук бюджеттин тартыштыгын айтып бийликти сындап жатышат. Ал эми  журналисттер дүйнө жүзүндөгү “рекорддук дефицит” деп жазышууда. Ошол эле учурда алар президент Садыр Жапаровдун тушунда бюджет үч жылда эки эсе көбөйгөнүн унутуп коюшат! Эл эмгек акынын, пенсиянын жана жөлөк пулдардын мурда болуп көрбөгөндөй жогорулаганын сезди. Өлкөнүн ар тараптан динамикалуу өнүгүп жатканын баары көрүп турат”, — деп жазган ал.

Бюджеттин тартыштыгы (дефицити) — бул  бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кирешеден ашуусу.

Мамлекеттик бюджетте киреше бөлүгүнүн 15%га чейинки же улуттук дүң продукциянын 6-7%га чейинки дефицитине жол берилет. Эгер бюджеттин тартыштыгы өтө жогору болсо, анда өлкө экономикалык кризисте болот.

Бюджеттин тартыштыгынын келип чыгышынын себептери болуп дүйнөлүк практика боюнча согуш, эпидемия, финансылык-кредиттик иштин натыйжасыздыгы, бийлик органдарынын мамлекеттин финансылык абалын көзөмөлдөй албагандыгы жана ушул сыяктуу себептер эсептелет. 

Бюджеттин тартыштыгы тууралуу маселе Кыргызстанда ар жылы көтөрүлүп келет. Мисалы 2018-жылы бюджеттин дефицити 6,6 миллиард сомду түзсө, 2020-жылы 19,7 миллиард сомду түзгөн. 

2021-жылдагы план боюнча өлкөдөгү бюджетинин тартыштыгы 9,1 миллиард доллар деп бекитилген. Бирок иш жүзүндө дефицит төрт эсе көбөйүп, 35,4 миллиард сом болгон.

“Эч кандай кризис жок!”. Эдил Байсаловдун манипуляциясы

Башкача айтканда, пландалган бюджеттин таңкыстыгы иш жүзүндө 26,2 миллиард сомго көп болгон. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы “бюджеттин рекорддук дефицити” болду.

Бюджеттеги таңкыстыктын төрт эсеге көбөйүшү 4-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында айтылган. 

Белгилүү болгондой, Баткен облусун калыбына келтирүү иштерине кошумча чыгымдардан улам 2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомго жеткен.

Бул тууралуу 22-ноябрда финансы министри Алмаз Бекетаев да билдирген. 

Башкача айтканда, өлкөдөгү бюджеттин таңкыстыгын мамлекеттик органдардын жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү билдирген.

Кыргызстандагы ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, 781 миллиард сомдон ашып, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирген. Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, ИДПнын позитивдүү өсүшү өнөр жай жана башка бардык тармактарда байкалган.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин трагасы Акылбек Жапаров ноябрь айында өткөрүлгөн элдик курултайда да жар салган.

“Эл аралык институттар пессимисттик прогноздорду беришкенине карабастан, биз өсүш деңгээлине чыга алдык. Экономиканын өсүшү 7% түздү. 2021-2023-жылдарга карата жалпы консолидацияланган бюджетибиз 53 миллиард сомду (6 миллиард доллар) түздү. Быйыл биз бир айда орточо 24 миллион сом чогултуп жаттык, 2013-жылы бир жылда 34 миллион сом чогултчубуз. Бюджетти 2-3 эсеге көбөйтүү экономикалык керемет болгон өлкөлөрдө да чанда гана болгон. Акчаны экономиканы, салыкты, бажыны башкарууну жакшыртуудан таптык ”, — деп билдирген  Акылбек Жапаров.

Бирок экономикадагы жылыш жана өсүү “консолидацияланган бюджеттин” эсебинен чыгарылып жатканы кээ бир күмөндүү ойлорду туудурган.

Консолидацияланган бюджет — бул бюджеттин киреше бөлүгүнө Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна түшкөн каражаттар да кирди дегенди түшүндүрөт. Айрым талдоочулар экономикадагы жыл жыйынтыгын консолидацияланган бюджет эсебинен чыгаруу менен кыргыз өкмөтү сандык көрсөткүчтөрү жасалма түрдо көтөрүп жатышы мүмкүн деп да сындап келишет.

Экономика өстү. Элдин жашоосучу? 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдиргендей, өлкөдө экономикалык өсүш бар. Бирок ошол эле учурда ИДП менен бирге өлкөдө инфляциянын жана жакырчылыктын өскөнү да байкалууда.

Алсак, Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстандагы инфляция 14,5%ды түзгөн. Бул коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бир кыйла жогору. 

Инфляция – товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жалпы деңгээлинин туруктуу өсүшү. 

Экономист Искендер Шаршеев Би-Би-Си кыргыз кызматына берген маегинде өлкөдө ИДП өскөнү айтылса да салыктардын жана инфляциянын өсүшүнө байланыштуу калктын экономикалык абалы жакшырбаганын айткан.

Сандар менен алганда көрсөткүчтөр аябай эле жогору. Бирок бул жерде инфляцияны эске алыш керек. Өсүш бар, бирок инфляция да жогору болгону үчүн эл дагы деле кыйналып жатат. Бирок экономисттердин дагы бир тобу инфляция экономикадагы өсүш эсебинен болду деп да жатышат. Анткени Улуттук банк валюта рыногунда улам интервенция жасап, сомдун наркын күчтөп жатты. Сомдун көлөмү экономикага кирери менен, албетте, инфляциянын негизги булагы болуп калат. Баалар өсүп жатты, бирок ага жараша жыйналган салык дагы өстү. Бирок, чынын айтканда, кымбатчылык шартында жеке сектордогу элдин маянасы ошончолук жогору өскөн жок. Өкмөттө, муниципалитетте көтөрүлдү, бирок элде эмес. Көбүндө жашоо сапаты начарлап, көп нерсени сатып алууга мүмкүнчүлүгү аз болуп калды”, — деп билдирген Искендер Шаршеев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-июнь айларында жалпы республика боюнча баалардын жана тарифтердин өсүшү 9,1 пайызды түздү. Мында азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 12,5 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 11,8 пайызга кымбаттаган. Азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,8 пайызга жогорулаган.

“Эч кандай кризис жок!”. Эдил Байсаловдун манипуляциясы
“Эч кандай кризис жок!”. Эдил Байсаловдун манипуляциясы

(Булак: “ПолитКлиника” медиасы)

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли да өсүүдө. 2019-жылы жакырчылыктын деңгээли 20,1 пайызды түзсө, 2022-жылы 25,3 пайызга чейин өскөн. 

Талдоочулардын айтымында, жакырчылык шаарда да, айыл жеринде да өсүүдө. 

Башкача айтканда, Кыргызстанда ИДПнын өсүшү менен кошо жакырчылык жана инфляция да өсүүдө. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз болуп жаткан билдирүүсүндө пропаганданын жана манипуляциянын  эки элементин колдонгон:

— Тандалма чындык — өзүнө пайдалуу гана бөлүгүн берип, калганын тыйып коет;

— Лингвистикалык пропаганда — кооз, боектолгон сөздөрдү пайдалануу менен маалыматты бурмалоо. 

Жыйынтык: Кыргызстандын бюджетинде 35,4 миллиард тартыштык бар экени чындык. Эдил Байсалов ИДП жана бюджеттеги позитивдүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен толук маалыматты бурмалоого аракет кылган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты