DW: Трамп Путин менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди
- 2 года мурун
Дональд Трамп өзүнүн шайлоодогу жеңишинен кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшө элек, бирок бул аны менен сүйлөшпөйт дегенди билдирбейт деп жазды DW. Аталган медиа Трамп 7-ноябрда NBC телекомпаниясына «Биз сүйлөшөбүз деп ойлойм», -деп маек бергенин жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, Дональ Трамп шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан бери ал дүйнөнүн 70тей лидери, анын ичинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнүн кошумчалаган. Ал Зеленский менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн толук айткан эмес.
«Путин дагы Трамп менен сүйлөшүүгө каршы эмес»,- деп айтылат маалыматта. 7-ноябрда Орусиянын президенти Валдай форумундагы маалымат жыйынында АКШнын тандалган президентине телефон чалуу жасоого каршы эместигин билдирген. «Мен муну кылбай жатам, анткени кайсы бир учурда Батыш мамлекеттеринин лидерлери мага дээрлик жума сайын телефон чалып, анан күтүлбөгөн жерден токтоп калышты»,- деген ал.
«Ошол эле иш-чарада Путин Дональд Трампты шайланышы менен куттуктап, Кремль “Америка эли ишенген кайсы мамлекет башчы болбосун, аны менен иштешүүгө даяр” деп ишендирди»,- деп жазды DW.
Эске салсак, 5-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоого демократиялык партиядан АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана республикачылар партиясынан АКШнын экс-президенти Дональд Трамп ат салышкан.
Шайлоонун жыйынтыгында, Дональд Трамп шайлоочулардын 295 добушуна ээ болуп, утуп чыкты. Кошмо Штаттардын жаңы президентинин инаугурациясы20-январда өтөрү белгилүү болду.
Ал эми анын атаандашы АКШнын вице-президенти Камала Харрис 7-ноябрда Вашинтгтондогу Говард универститетинин студенттеринин жана өз тарапташтарынын алдына чыгып, жеңилүүнү моюнга алганын жана Дональд Трампты жеңиши менен куттуктаганын айткан.
Сүрөт: интернет булактары




