Директорлорду тандоо. Бош орундарга сынактын экинчи айлампасы өтөт

  • 2 года мурун

Мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө  сынактын экинчи айлампасы жарыяланды.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 25-август жана 8-сентябрь аралыгында саат 18:00гө чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүүсү керек.

Талапкердин документтерди убагында жана толук тапшырбагандыгы  сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Конкурстун катышуучулары жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна  арыз бере алышат.

Мектеп директорлорун конкурс аркылуу тандоонун облустардагы жеңүүчүлөрү аныкталган.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты