#Детектор: Мамлекеттик башкаруудагы непотизм жана анын кесепеттери

#Детектор: Мамлекеттик башкаруудагы непотизм жана анын кесепеттери

Жапаровдун кудаларынын карьерасындагы баш айланткан секириктер

Өткөн айда президент Садыр Жапаровдун дагы бир кудасы майлуу-сүттүү кызматка дайындалганы белгилүү болду. Тактап айтканда, Садыр Жапаровдун инисинин жубайынын бир тууганы Азамат Шаршенбиев “Кыргызалтын” ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Бул Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин анын алыс-жакын туугандары мамлекеттик жогорку кызматка дайындалган биринчи учур эмес. Жапаров бийликке келгенден кийин, айрыкча, анын кудаларынын карьерасында болуп көрбөгөндөй өсүш болгон. Мисалы, 2020-жылы 21-октябрда ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалган. 2021-жылы сентябрда “Темиров Лайвдын” журналисттери Түмөнбаев башкарган мекемедеги тендер махинацияларын ашкерелеп чыккан соң, куда кызматтан алынган. Бирок ушул жылдын март айында Турусбек Түмөнбаев “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык мекемесин жетектеп жатканы белгилүү болду. “Кактус Медианын” маалыматы боюнча, Түмөнбаев аталган мекемени акыркы 3-4 айдан бери жетектеп келет. Ал эми мэрия бул боюнча расмий маалымат берген эмес.

Эми Түмөнбаев “Унаанын” директору болуп дайындалган 2020-жылдын 21-октябрына кайра кайтып келели. Бул күнү Садыр Жапаровдун башка буйругу менен дагы бир кудасы Таштанбек Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 

Садыр Жапаров эки кудасынын кызматка дайындалганын ошол 2020-жылдын 15-декабрында президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Таласка барган учурда өзү тастыктаган

Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий киришкенден кийин дагы кудалары унутта калган эмес. 2021-жылдын апрелинде президент Жапаровдун жарлыгы менен кудасы Алмазбек Акматов Эсеп палатасынын төрагасы болуп дайындалган. 

Биз берүүнүн башында сөз кылган Азамат Шаршенбиев дал ушул Алмазбек Акматовдун бир тууганы Чекир Акматовдун уулу. 

Эми бул Садыр Жапаровдун кудаларынын гана карьерасындагы өсүүлөр. Мындан тышкары, президенттин жакын туугандарынан агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарованын президенттик администрацияда бир бөлүмдүн жетекчисинин орун басары экени белгилүү. Ошондой эле, журналисттер мамлекет башчысынын жердештери, бир-туугандарынын досторуна чейин кызматка дайындалып жатканын айтып келишет.

Мындай дайындоолор боюнча коомдо ар түрдүү пикирлер айтылып келет. Айрымдар президенттин жакындары өз аракети, таланты жана эмгеги менен кызматка дайындалып жатканын айтышса, айрымдары бул дайындоолордо президенттин таасири бар экенин жана бул жакшы жакка алып барбайт деген пикирлерин билдиришкен. 

Непотизм

Бийлик башында турган адамдын кызматтык абалынан пайдаланып, туугандык байланыштардын негизинде үй-бүлө мүчөлөрүн жана досторун кесиптик сапаттарына карабастан кызматка дайындоосу илимий тилде “непотизм” деп аталат.

Бул термин латын тилинен келип чыккан, кыргызча “жээн” деген маанини түшүндүрөт. Непотизм термини Кайра жаралуу доорунда Европада пайда болгон. Ал учурда диний кызматкерлер колундагы байлык-бийлигин көпчүлүк учурда жээндерине өткөрүп беришкен. Непотизм дал ушул көрүнүш үчүн колдонулган түшүнүк.

Заманбап дүйнөдө непотизм мамлекеттик башкарууда үй-бүлө мүчөлөрүн кызмат орундары менен камсыз кылуу механизми катары иштейт. Бул практика көпчүлүк өлкөлөрдө мыйзамсыз болуп эсептелсе дагы изилдөөлөр фаворитизмдин бул түрү дагы деле кеңири жайылганын көрсөтүүдө. Изилдөөлөргө ылайык, бул практика, айрыкча, үй-бүлөлүк байланыштар күчтүү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кеңири колдонулат. 

Экономика илимдеринин кандидаты Хуан Фелипе Рианьонун айтымында, орто жана төмөнкү звенодогу чиновниктердин карьералык перспективасы алардын мамлекеттик сектордогу жетекчи тууганынын тагдыры менен тыгыз байланышта. Рианьо жетекчилик кызматта тууганы бар мамлекеттик кызматкердин улам жогорку кызматка көтөрүлүү ыктымалдуулугу жөнөкөй кызматкерге караганда 40%га жогору экенин айтат. Ошондой эле жогорку кызматта жакындары бар кызматкер башкаларга салыштырмалуу 2-5% пайызга көп айлык алат. 

Хуан Фелипе Рианьо бюрократиялык непотизмди аныктоо абдан оор экенин айтат. Анын айтымында, непотизмди аныктоо үчүн мамлекеттик башкаруудагы кызматкерлердин туугандык байланышына гана байкоо жүргүзбөстөн, алардын карьералык өсүүсү кайсы учурларга туш келгенине дагы маани берүү керек. 

Непотизмдин кесепеттери

Бийлик башындагылардын тууган-туушкандарын жана досторун кызматка дайындоосу туура эмес нерсе экенин көпчүлүк интуитивдүү түрдө билет. Эми непотизм бир мекеменин ичинде жана жалпы өлкө боюнча кандай натыйжаларга алып келерин карап көрөлү. 

Биринчиден, непотизм коррупциялык жүрүм-турумдун бир түрү болуп эсептелет. Фаворитизм, непотизм жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу коррупциялык практикалар кадр саясатынын бардык тармактарында колдонулуп келет. Европа Кеңешинин жергиликтүү жана аймактык башкаруу конгрессинин докладында непотизм, айрыкча, кирешелүү деп эсептелген же мыйзамсыз баюуга мүмкүнчүлүктөр бар кызматтарга дайындоо учурунда колдонулары жазылган.

Ошол эле докладга ылайык, кызматкерлерди тандоо процессинде непотизмдин колдонулуусу тигил же бул кызматка квалификациясы жетишсиз, ал ишти аткара албаган адамдардын кабыл алынуусуна шарт түзөт. Эгер ал адамдар өзүнүн милдеттерин аткара ала турган абалда болсо дагы, аларга артыкчылык берилүүсү акыйкаттык принцибин бурмалап, кызматкерлер арасында бирдей эмес мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Ошондой эле коррупцияга жол ачып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн төмөндөтөт, ишеним жана көз карандысыздыкка байланыштуу көйгөйлөрдү пайда кылат.

Мекеменин ичинде жетекчиликтин тууган-туушкандарынын жана дос-тааныштарынын кызматка дайындалуусу төмөндөгүдөй жыйынтыктарга алып келет:

— Моралдык баалуулуктары жогору, таланттуу кызматкерлерди тандоодогу кыйынчылыктарга;

— Корпоративдик духтун төмөн болуусуна;

— Ишке келбей коюу, уурулук жана таланттуу кызматкерлердин жумуштан айдалуусуна;

— Мекемеге болгон берилгендиктин төмөн болуусуна;

— Жетекчиликке болгон ишенимдин жана сыйдын жоголушуна себеп болот.

Ал эми мамлекеттик деңгээлде непотизм:

— Коомдун мамлекетке болгон ишениминин төмөн болуусуна;

— Мамлекеттик кызматтардын сапатынын начар болуусуна;

— Натыйжасыз жана коррупцияга чыланган, коомдун талаптарына туура келбеген кызматтарга;

— Коррупциялык басымдын күчөшүнө алып келет.

“Мыйзамдар жетиштүү, бирок иштебейт”

Бул көрүнүш менен күрөшүү максатында көпчүлүк мамлекеттер атайын мыйзамдарды дагы кабыл алышкан. Мисалы, АКШда федералдык кызматкерге өзү жетектеген мекемеге туугандарын жумушка алууга тыюу салган мыйзам бар. Аталган мыйзамда мамлекеттик кызматкердин туугандары болуп кимдер эсептелери дагы жазылган. Ага ылайык, федералдык кызматкердин туугандары болуп ата-энеси, балдары, ага-ини, эже-карындашы, атасынын жана апасынын бир-туугандары жана алардын балдары, күйөө баласы, келини, кайын ата, кайын эне, кайын эже, кайын агасы, өгөй ата, өгөй энеси, өгөй балдары жана өгөй бир-туугандары эсептелет.

Непотизмге каршы мыйзам федералдык кызматкерге жогоруда аталган туугандарын жумушка алууга тыюу салат. 

Кыргызстанда дагы мамлекеттик кызматкерге жакын туугандарынын жетекчилигинде иштөөгө тыюу салган мыйзамдар бар. Мисалы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамда кызматчыга аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынган.

Ал эми “Кызыкчылыктардын кагылышуусу” жөнүндө мыйзамда мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланчу кызматтарда иш берүүчү менен кол алдындагылардын ортосундагы туугандык байланыш кызыкчылыктардын кагылышуусун пайда кылары жазылган.

Аталган мыйзамда жакын адамдар деп кызматкердин жубайы, ата-энеси, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, кандаштыгы боюнча жакын туугандары, ошондой эле багуусунда же болбосо толук көзөмөлүндө турган башка адамдар эсептелери жазылган. 

Мындан тышкары, непотизм менен түз күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорлору дагы сунушталып келет. 2012-жылы депутат Дастан Бекешев аткаминерлердин непотизм жана жердешчилик үчүн жоопкерчилигин күчөтүү каралган мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын, өкмөттүн, Жогорку соттун, Конституциялык палатанынын кызматкерлерин Мамлекеттик кадрдык кызматка жакындарынын жана туугандарынын жумуш орду тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирүү сунушталган. Ошондой эле, мыйзам долбоорунда туугандары жөнүндө жалган маалымат бергендерди административдик, алтургай кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Ушундай жол менен коомчулук кайсы аткаминер туугандарынын карьера куруусуна жардам берип жатканынан кабардар болору айтылган.

Бирок парламент бул мыйзам долбоорун четке каккан.

Ушул жылдын башында Экономика министрлиги коррупция менен күрөшүү максатында мамлекеттик кызматкерлерге бир катар чектөөлөрдү киргизген мыйзам долбоорун сунуштады. Анда жубайы же жакын тууганынын жетекчилиги алдында мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салуу дагы каралган.

Борбор Азиядагы коррупция жана кирешелерди адалдоо маселелерин изилдөө институтунун эксперти Атай Алмаз уулу “Клооп” басылмасына берген маегинде Кыргызстанда коррупция жана непотизмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамдар жетиштүү экенин, бирок алар иш жүзүндө аткарылбай келе жатканын айткан.

Жыйынтыктап айтканда, непотизм коррупциянын бир түрү. Ал мамлекеттин өз функциясын туура аткаруусуна жолтоо болуп, мамлекеттик органдардын коомдун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуу жөндөмдүүлүгүн коркунучка кептейт. 

Ошондой эле элдин бийликке болгон ишеним деңгээлине таасир этерин Кыргызстандын эгемендик алгандан берки тарыхы көрсөттү. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты