Депутат: «Сооронбай Жээнбековду да камаш керек»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду камоо керектигин айтты.

«Башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай байланышы бар, билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин ушундай «сыр-бор» башталды. Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров менен чогуу Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Ал Атамбаев менен табакташ болуп жүргөндө жакшылыгын көрүп, эми жамандыгы болгондо бөлөк турушу керекпи? Камап, жамандыгын да чогуу көрүш керек. Мен ошону айткым келет. Эгер биздин прокуратура кызматкерлери ушуларды коргосо менин да айтчу сөздөрүм бар», — дейт Жеңишбек Токторбаев.

Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада 3,5 саат сурак бергенин жана башкы прокурор мындай жолдор менен аны коркута албасын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты