«Балык депутат болуп отуралыбы?». Жеңишбек Токторбаев суракка чакырылганы боюнча сөз сүйлөдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев суракка чакырылганы боюнча сөз сүйлөдү.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, биз силердин суугуңарга тоңуп, ысыгыңарга күйүп чуркап жүргөндө азыркы силердин тегерегиңерде жүргөн пахтакорлор силерди соттогон. Урматтуу Нурланбек Тургунбекович (ред. Жогорку Кеңештин төрагасы) биз эмне кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем, артымда элим бар. Урматтуу төрага, ушул маселени сөзсүз карап коюңуз. Шайлообек Атазов экөөбүз Башкы прокурорго асылдыкпы? Элдин үнүн жеткирдик. Балык депутат болуп отуралыбы?» — деди Жеңишбек Токторбаев.

Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада 3,5 саат сурак бергенин жана башкы прокурор мындай жолдор менен аны коркута албасын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты