Депутат Нурлан Шакиев Орусиянын телеканалдарын каржылоону токтотууну сунуштады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев Кыргызстанда Орусиянын «Биринчи канал» жана РТР телеканалдарын мамлекеттик бюджеттен акча төлөп көрсөтүүнү токтотууга чакырды.

«Орусиянын эки телекомпаниясын өчүрүш керек. Аны токтотуп, жергиликтүү телеканалдарды өнүктүрүүгө шарт түзүү керек», — деди депутат.

Мындан тышкары ал балдар көрүп жаткан мультфильмдердин баары орусча экенин белгилеп, тасмаларды кыргызчалоону кошумчалады.

2020-жылдагы маалыматка ылайык, Орусиянын эки каналын Кыргызстанда көрсөтүш үчүн бюджеттен 50 миллион сом төлөнөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты