Депутат Нарматованын уулу делген бажы кызматкери үй камагына чыгарылды

  • 1 год мурун

Депутат Надира Нарматованын уулу делген бажы кызматкери үй камагына чыгарылды.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, ал 11-майда үй камагына чыкты. Мындай чечимди райондук сот кабыл алды.

Буга чейин депутат Надира Нарматованын уулу, Ош бажы тармагынын бажылык документтештирүү тобунун башкы инспектору Азатбек Нурдинов коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалганы айтылган. Май айынын башында УКМК Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинде иштеген үч бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты