Депутат Нарматова Орусиянын Оштогу консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин айтты

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматовага суроо узатты.

«Журналисттердин иликтөөсүндө Надира Нарматованын имараты Орусиянын консулдугуна ижарага берилген деп жазылган. Бул канчалык чын?» — деп сурады Бекешев.

Надира Нарматова имаратты Орусиянын консулдугуна ижарага бергенин айтты.

«2009-жылы Оштогу имаратты насыяга алгам. Ушул күнгө чейин насыя төлөп келем. Мен аны бир жерден алып алган жерим жок. Кыргызстандын катардагы жараны катары мен ижарага бергем. Ал имаратты орус мамлекетинин консулдугу пайдаланып келет. Мыйзам чегинде эки тараптуу келишим Мамлекеттик каттоо кызматынан да бекитилген», — деди Нарматова.

Эске салсак, «ПолитКлиника» медиасы Орусиянын Ош шаарындагы консулдугун имараты Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экени чындык экенин аныктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты