Депутат Кайрат Чокеев “Яндекс” таксинин кеңсесине кол салуу фактысы боюнча кармалды

  • 1 год мурун
Депутат Кайрат Чокеев “Яндекс” таксинин кеңсесине кол салуу фактысы боюнча кармалды

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев “Яндекс” таксинин кеңсесине кол салуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 26-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө белгисиз 6-7 жаран Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылганы жазылган.

Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар «Яндекс» таксинин Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Кеңседе жана имаратта орнотулган жарнама баннерлерди айрып тытып, зомбулук көрсөтүшкөн.

Чүй ОИИББнын тергөө кызматында болгон тергөөнүн жыйынтыгы менен 9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Кайрат Чокеев шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылды. Учурда тергөө уланууда.

Эске салсак, 2021-жылы «ПолитКлиника» медиасы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон окуяга Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин жакын адамдары катышканын аныктап чыккан. Алардын катарында Кайрат Чокеев болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты