Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКнын өзү тууралуу тараткан билдирүүсүн четке какты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Фейсбук баракчасы аркылуу чет өлкөгө кетпегенин, Кыргызстанда, Нарын облусунда экенин маалымдады.  

“Кийинки кездери менин дайыным табылбай жатканын жана чет өлкөгө чыгып кеткеним тууралуу айтылып жатат. Ошого байланыштуу өзүм тууралуу кабарлап коеюн деп чечтим. Мурда Инстаграм баракчамда атам оор абалда экенин, жакында жүрөгүнөн оор операция болгонун жазгам.  Анын саламаттыгынын калыбына келиши үчүн узак убакыт керек экен (3 айга жакын, анткени анын оң жак тарабы жарым-жартылай кыймылдабай атат). Ошондон улам үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасына арыз жазгам, анткени кичүү иним каза болуп калгандыгына байланыштуу атамды карай турган жалгыз уулмун. Бирок атамды операция жасатууга чет өлкөгө коштоп бара албадым, чек арадан мыйзамсыз өтө албай, бул жакта күтүп калдым. Мен Кыргыз Республикасында, Нарын облусундамын. Капысынан сыркоолоп калгандыгыма байланыштуу кимдир-бирөө менен байланышка чыга албадым. Мен үчүн кабатыр болгондордун баарына ыраазылыгымды билдирем, — деди депутат Жамгырчиев.    

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) депутат  Жамгырчиевдин Кыргыз Республикасынын аймагында жок болушу, анын өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшүнөн жана ал башка өлкөнүн аймагында болуусунан кабар берерин билдирген.

     

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты