Депутат Эмил Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан эмгек өргүүгө чыкты

  • 2 года мурун
Депутат Эмил Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан эмгек өргүүгө чыкты

Депутат Эмил Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан эмгек өргүүгө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев эмгек өргүү сурап Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылыптыр.

Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасында кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилген соң кайра коё берилген.

Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча сөз сүйлөп, Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген. УКМК «учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз» деген маалымат тараткан.

Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты