“Демократиялык өлкөдө президентке импичмент маселесин козгоого негиз болот». Кемпир-Абад боюнча камалгандардын билдирүүсү

  • 1 год мурун

Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 18-февралындагы мурдагы жана экс-президенттер менен жолугушуусу боюнча билдирүүсүнө Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандар жооп берди. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров Фейсбук баракчасында билдирүү таратты.

«Биз, Кемпирабадчылар, элибиздин ынтымагы, Кыргызстандын бүтүндүгү, келечеги, биримдиги жөнүндө болгон ар-кандай жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү колдойбуз жана кубаттайбыз.

Бирок… Качкын, соттолгон жана айрым экс-президент макамы бар Кыргызстандын мурдагы президенттери менен азыркы президенттин “нейтралдык” аймакта жашыруун жолугушуусу, “бир муштумга” биригиши Кыргызстандын Конституциясы менен мыйзамдарын бузгандык жана Кыргыз элин сыйлабагандык деп эсептейбиз» деп айтылат билдирүүдө.

«Анткени алардын үчөөнүн экс-президент макамдары расмий алынган, соттолгон адамдар. Экөөнүн экс-президент макамдары парламентте каралганы жатат (депутат Ж.Токторбаевдин айтымында). КР мыйзамдарына ылайык, президент мындай соттолгон адамдарга, эгерде алар расмий кайрылса, ырайым кылууга гана укуктуу. Мамлекет башчы катары белгисиз “чет өлкөдө” андай адамдар менен жашыруун жолугушуусу, “бир муштумга биригиши” укуктук, демократиялык өлкөлөрдө аракеттеги президентке импичмент маселесин козгоого негиз болот» деп жазылат билдирүүдө.

“Улуттук ынтымакты туу тутунушуп, ар-бир адам укугу, ар-бир см жер үчүн, улуттун тили, маданияты, байлыгы үчүн Россия менен Украинанын ортосунда согуш болуп жатат. Ал эми бизде “бир муштумга бириккендердин атынан 30 жыл ичинде: Үзөнгү-Кууш, Каркыра, Кемпир-Абад ж.б. жерлерибиз, Кумтөр, Жерүй ж.б. кен-байлыктарга, “КыргызГазга” окшогон стратегиялык обьектилерге чет элдиктер ээлик кылынды. Завод-фабрика, колхоз-совхоз ж.б. элдин 70 жылдык байлыгы таланды, тонолду. Элибиз, айрыкча жаштарыбыз жумушсуздуктун айынан чет жерлерге тентип жүрүшөт. Эми ушул “мурдагылар” менен азыркы президент “бир муштумга бириксе” эле Кыргызстан кубаттуу болуп кетеби?!

«Садыр мырза, өзүңүз Бакиевдин тарапташы болгонду унутуу керек. Ар бир Президент өз тарапташын активдештирүүгө сиз өзүңүз Акаевди алып келип, “актатып” жол ачтыңыз! Бакиевди да Акаевдей алып келүү боюнча берген убадаңарды аткаруу үчүн эле “ынтымак”, “келечек” демиш болуп, элдин башын оорутпагыла»

Конституция боюнча элдин биримдигин Президент өзү камыздайт. Президенттин “.. чылар” деп бөлүп билдирүү кылуунун өзү элди бөлүп жаруу болот.

Эгерде кайсы бир качкын, соттолгон, экс-президент макамы алынган президенттердин тарапташтары элди бөлүп, жарып, мыйзамсыз аракеттерди жасашса, тийиштүү чара колдонуу бийликтин милдети.

Кемпир-Абад үчүн өз ой-пикирин ачык билдиргени үчүн эле эң оор кылмыш жасагандай “жапырт” тинтилип, “оптом” мыйзамсыз камалышкан 30 дай адам жөнүндө “бириккендер” кандай ойдо отурушту экен? Себеби, жашы 70тен ашкан энелер, балалуу келиндер, ооруганына карабай түрмөдө 6 айга камалганы мурда тарыхта болбогон жорук. Кыргыз аялзатын түрмө эмес, кара жумушка да жазалаган эмес.

Элге кечиримдүүлүк, сабырдуулук, ата-бабалар наркын айткандар ачуу чындык сөзгө чычалап, күчүн аял затына чыгарган, мыкачылык наркты кайдан алышты,- деп айтылат Кемпир-Абад боюнча камалгандардын билдирүүсүндө.

18-февралда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.

Садыр Жапаров элге кайрылуусунда мурдагы президенттердин жолугушуусунда сөз болгон маселе тууралуу айтып келип, “Энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер”, “Султан сөөгүн кордобойт” деген лакаптарды мисал келтирип, кечиримдүү болушубуз керек экенин жана  “Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы” деп билдирди,

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү” деп жазган. Жолугушуу Дубайда өткөнү белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты