Дастан Бекешев: Темировдун кеңсесинде болуп жаткан окуя — иликтөөгө болгон реакция

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ушул сааттарда иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесинде болуп жаткан окуя журналисттик иликтөөгө реакция экенин билдирди.   

   -Азыр Болот Темировдун кеңсесинде болуп жаткан окуя бул анын командасы менен бирге жүргүзгөн журналисттик иликтөөгө байланыштуу. Иликтөө айрым адамдардын жинине катуу тийген. Анын жообу көпкө кармалган жок, -деди депутат Бекешев.  

Бүгүн, 22-январда, ишемби күнү кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүзүүдө. Башка басылмалардын журналисттерин ичкери киргизбей жатышат.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери жеринде билдиришкендей, анда айтылган маалыматтарга караганда, Айгерим аттуу кыздын арызы боюнча Болот аттуу жаран аларды баңгизатты пайдаланууга мажбурлаган деп айтылууда. Тинтүүнүн так себеби азырынча белгисиз.

Темиров-лайфтын журналисттеринин биринин айтымында, аларды тинтүү жакында жарык көргөн журналисттик иликтөөгө байланыштуу экендиги жашыруун эмес.

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты