Дастан Бекешев: «Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу мыйзамсыз»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча пикирин айтты.

«Конституция боюнча бир дагы жаран өз жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн эмес. Бирок ага карабай кечээ кыргызды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарды. Бул ашыкча. Сот чечим чыга электе милиция кызматкерлери Болот Темировду сот залынан чыгарып, аэропортко Москвага кетирип салышты. Түшүнүп жатам ал иликтөө кылат, кээ бир кишилерге жакпайт. Бирок өч алып укук коргоо органдары менен соттор менен пайдаланганы туура эмес. Бул аракет мыйзамсыз», — деди Дастан Бекешев.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды.

Болот Темировдун жактоочулары соттук коллегиядан Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүнү жана алардын кардарын кылмыштын курамы жок деп толук актап берүүнү өтүнүшкөн эле.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле соттолуучуга карата өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонуу, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты