Даниэл Ажиевдин апасы жардам сурап, президентке кайрылды

Даниэл Ажиевдин апасы Сайкал Ажиева президентке социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. Ал Даниэл Ажиевдин 2 млн доллар турган үй-мүлкү конфискация болгонун айтып, жок дегенде үч баласы, (анын ичинде бирөөнүн оор түрдөгү майыптыгы бар) келинчеги жашаган квартираны конфискациялабай коюуну өтүнүп, жардам сурады.     

-Баламдын үч квартирасы, эки жер тамы, төрт автоунаасы өкмөткө конфискацияланды. Жалпы мал-мүлкү 2 млн долларга барабар. Баламдын эч кандай мүлкүн калтырган жок, түп- тамыры менен конфискация кылды. Баламдын келинчеги, кичинекей үч баласы бар, улуу баласы оор формада майып. Мейли, бардыгын конфискация кылгыла, бардыгын алгыла, жок дегенде өздөрү жашаган квартирасын калтырып койсоңор болмок. Бул мен отурган квартира дагы конфискация болгон. Балам түрмөдө отурса, келиним үч баласы менен, бирөө оорулуу, бара турган жери жок. Урматтуу президент, биз сизден жардам сурайбыз,-деди апасы.           

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Даниэл Ажиевди 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

30-сентябрда маалымдалгандай, Даниэл Ажиевге кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси, Интернет аркылуу сойкулук менен алектенүү жайын уюштургандыгы, 161-берене, порнографиялык материалдарды тараткандыгы, 261-берене, уюшкан топ түзүү, 215-берене, алдамчылык жол менен же ишеничке кирип алып, мүлккө зыян келтирүү беренелери менен айып тагылган.   

Биринчи май райондук соту тарабынан Даниэл Ажиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды, ошондой эле эки жыл ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды жана 220 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Даниэл Ажиев кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу, ага издөө жарыяланган. жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалды.

Сүрөттө: Даниэл Ажиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты