Дүйшөнбек Зилалиевдин үй камагына чыгарылганы кабарланды

  • 2 недели мурун

Дүйшөнбек Зилалиев тергөө иштери аяктагыча үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу 24 kg агенттиги күч структураларындагы жеке булактарынын айтуусу боюнча билдирди.  

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 4-ноябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.

Маалыматта айтылгандай, Зилалиевдин бөгөт чарасы 14-сентябрда каралган. Ал №1 тергөө абагына киргизилген.

13-сентябрда Экс-вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин экс-директору Мелис Сатыбеков кармалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) алар лицензия берүү боюнча коррупцияга шек саналып жатканын билдирген.  

Эске сала кетсек, 2022-жылы козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалган.

Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2010-2017-жылдары ар кыл жетекчи кызматтарда, анын ичинде КР Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору, вице-премьер, ошондой эле мамлекеттик мүлк фондунун директору болуп иштеп, расмий кирешесинен тышкары байлык топтогондугу боюнча айыпталган.

Дүйшөнбек Зилалиев ошондой эле 2018-жылы декабрда мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган. 2020-жылы октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2021-жылы июнда Жогорку сот мурдагы инстанциядагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого жөнөткөн. Мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тергөө абагынан бошотулган. 

Сүрөттө: Дүйшөнбек Зилалиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты