Дүйнөнү тынчсыздандырган «омикрон» жөнүндө эмнелер белгилүү? 

Коронавирустун дагы бир жаңы штаммы, грек алфавитинин 15-тамгасы же күчтүү вирус — омикрон. Ал кайдан келген? Аны менен кантип оорушат? Коронавирустун башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат жана андан коркуш керекпи? “Политклиника” медиасы бул коронавирустун жаңы штаммы жөнүндө айтып берет. 

1. Омикрон деген эмне?

11-ноябрда Ботсванада, андан бир аз кийин Түштүк Африкада жана Гонконгдо B.1.1.529 коду астында жаңы ковид-19дун штаммы табылды.

Штамм «омикрон» деп аталды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын коркунучун буга чейин тааныган. Окумуштуулар коронавирустун бул түрүнүн жугузуу ылдамдыгы өтө жогору деп эсептешет. Ошондой эле алар жаңы штамм ооруп, эмдөө алгандардын антителолоруна туруштук бериши мүмкүн экенин, бирок тыянак чыгарууга али эрте деп билдиришти.

2. Ал кантип пайда болгон?

Эксперттер омикрон алгач иммунитети начар адамда же СПИД менен ооруган адамда пайда болгон деп эсептешет

Ошондой эле жаңы штамм Түштүк Африкада жана Ботсванада COVID-19 менен ооругандардын плазмасын колдонулган дарылоодон улам пайда болушу мүмкүн. «Бул версия менен MIPT геномдук инженерия лабораториясынын жетекчиси Павел Волчков бөлүштү», — деп жазат «Известия» маалымат порталы.

«Окуя антибиотиктер менен дарылоого окшош. Антибиотиктер өлтүргөн бактериялар бейтапта жок болушу маанилүү. Ошондуктан ар дайым антибиотиктер курсун бүтүрүү сунушталат. Эгерде бейтап антибиотиктер менен дарылангандан кийин бактерия анын организминде дагы деле жашай алган болсо, анда ал мутацияга учурайт. Анан дагы башка адамга жугат”, — деп түшүндүрдү эксперт.

3. «Омикрон» коронавирустун башка түрлөрүнөн да жаманбы?

«Лондон Империал Колледжинин вирусологу Том Пикок Daily Mail басылмасына комментарий берип жатып, аталган түр коронавирустун мутацияларынын жаңы айкалышы жана аны өтө коркунучтуу деп атады», — деп жазат РИА Новости. Анын пикиринде, штамм «коронавирустун калган түрлөрүнөн да жаман», анын ичинде «дельта» штаммы да «омикрондой» күчкө ээ эмес. Солт-Лейк-Ситидеги генетик Дмитрий Прусс жаңы штамм коронавирустун учурда жайылып жаткан «дельта» штаммына караганда беш эсе жугуштуу деп эсептейт.

«Аныкталган учурлар жана тесттердин оң көрсөткүчтөрү, айрыкча, Гаутенгде, Түндүк-Батыш провинциясында жана Лимпоподо тездик менен өсүп жатат», — деп айтылат Түштүк Африканын Улуттук Жугуштуу Оорулар Институтунун (NICD) веб-сайтында.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун азырынча «омикрон» штаммына чалдыккан учурда оору коронавирустун башка варианттарына караганда оор формада өрчүй турганы тууралуу маалыматы жок. ТАССтын маалыматына караганда, мурда COVID-19 менен ооруган адамдарда омикрон штаммынын жуктуруп алуу коркунучу күчөгөндүгү тууралуу далилдер бар.

4. Дүйнө эли бул жаңы штаммга  кандай реакция кылууда?

Кээ бир өлкөлөр жаңы штаммдан улам чек араларын жаба башташты. «Израиль дээрлик бардык чет элдиктерди киргизбей койгон», — деп жазат РИА Новости. Марокко аба каттамдарын эки жумага токтотту. 

Ошондой эле Түштүк Африкага каттамдарга тыюу салуу Улуу Британия, АКШ, Евробиримдиктин мүчөлөрү, араб өлкөлөрү жана башка бир катар өлкөлөр тарабынан киргизилген. 

«Улуу Британияда омикрон штаммы акырындык менен жайылып баратат, инфекциянын алгачкы алты учуру Шотландияда аныкталган», — деп жазды ТАСС маалымат агенттиги.

5. Кыргызстанда «омикрон» вирусу барбы?

Азырынча өлкөдө омикрон жаңы штаммы аныкталган учур каттала элек. Министрлер кабинети COVID-19 вирусунун жаңы штаммы пайда болгонуна байланыштуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун өкүлдөрү менен чукул кеңешме өткөргөн. ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карабастан, инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн эмдөөнү тездетүү зарылдыгын айтты. Ал омикрон штамы башка COVID-19 штаммдарына салыштырмалуу тез таралуу жөндөмүнө ээ экенин эскертти.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушуна байланыштуу, 29-ноябрда өкмөт конкреттүү чечимдерди кабыл ала турганын билдирген. Бирок бүгүн, 30-ноябрь өкмөт үн ката элек. 

6. Жаңы штамм менен кимдер ооруушу мүмкүн?

Алдын ала маалыматтарга караганда, ковид менен ооруган бейтаптарда жаңы штамм менен ооруп калуу коркунучу жогору болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эскертет. Деген менен учурда «омикрон» оорунун оор курсун шарттайбы же жокпу азырынча белгисиз. Так маалымат айтыла элек. 

Жаңы штамм 20-30 жаштагылар арасында тездик менен жайылып баратат. Мындай пикирди Соуэто шаарындагы «Крис Хани Барагваната» ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Рудо Матива айтып чыкканын ТАСС маалымат агенттиги жазды.

«20 жаштан 30 жаштан бир аз ашкан жаштар вирустун орто жана оор оорулары менен кайрылышат. Алардын айрымдары интенсивдүү терапияны талап кылат. Жогору да кайрылган жаштардын 65 % жакыны эмдөөдөн өтпөгөн. Калгандарынын көбү биринчи дозасы менен гана эмделген”, — деген дарыгер Рудо Матива.

7. “Омикрондун” оору симптомдору кандай болот?

Түштүк Африкадан келген дарыгер Анжелик Кутзи британиялык «The Telegraph» басылмасына жаңы штаммдын белгилерин санап берди, деп жазды «Ведомости» басылмасы.

“Вирустун кайрадан мутацияланган деген шектенүүлөрү барган сайын кеңири тараган ковиддин адаттан тыш көрүнүштөрүнөн улам пайда болду. Жаштар катуу чарчаганына даттанышкан, алты жашар баланын тамыры тез кагып, дене табы көтөрүлгөн. Бирок бейтаптардын эч биринде даам же жыт жоголгон эмес”,- деп билдирген Түштүк Африкадан келген дарыгер Анжелик Кутзи.

8. Вакциналар эффективдүүбү?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 каршы болгон вакциналар «омикрон» штаммына каршы деле натыйжалуу болоорун айтышууда. Ушул эле фактыны Сан-Францискодогу Калифорния университетинин эпидемиологиялык профессору Джордж Рутерфорд  «Ленте.ру»  жалпыга маалымдоо каражаттарына тастыктады.

Аны менен катар «Патогендик микроорганизмдердин популяциялык өзгөрүшүнүн механизмдери лабораториясынын башчысы» Гамалей Владимир Гущин «Россия-24» телеканалына берген маегинде вакциналар сөзсүз түрдө, оорунун оор өтүшүнө каршы коргой турганын айтып чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты