Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Казакстан командасын жеңди

  • 2 года мурун

Көк-бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Түркиянын Изник шаарында өткөн төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын курама командасын 5:0 эсебине жеңип алды.

Бул тууралуу маланият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чечүүчү 3-таймда Казакстан курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок.

Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келди.

Төртүнчү көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өттү.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты