Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 200 миллиард доллардан ашты

  • 5 дней мурун

Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы 200 миллиард доллардан ашты.

Цукерберг Тесланын негиздөөчүсү Илон Маск, Aмазондун негиздөөчүсү Жефф Безос жана LVMH тобунун ээси Бернард Арнодон кийин тарыхта бул көрсөткүчтөн ашкан төртүнчү миллиардер болуп калды.

Бул тууралуу Bloomberg билдирет.

Агенттик 2021-жылы Цукерберг Фейсбук Мета ааламын түзүү ниетин билдиргенин эскерет. Бизнесмендин идеясы аны 100 миллиард доллар таза байлыгынан ажыратышы мүмкүн болгон алешемдик сыяктуу көрүнгөн. Ошол эле учурда инвесторлор Мета аалам идеясына ишенишкен жана ал өзүн актап жатат.

Bloomberg белгилегендей, Фейсбуктун башкы компаниясы болгон Metaнын акцияларынын рекорддук баасынын аркасында Цукербергдин таза байлыгы эки жылга жетпеген убакытта дээрлик алты эсеге өсүп, 201 миллиард долларга жеткен.

2022-жылдын ноябрында Metaнын акциялары 90 доллардан сатылган. Азыркы маалда бир баалуу кагаздын баасы 560 доллардан ашат.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты