CPJ эл аралык уюму Жогорку соттун журналисттер боюнча чечимин айыптады  

  • 2 года мурун

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists – CPJ Жогорку соттун Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун журналисттеринин иши боюнча чыгарган чечимин айыптады.

«Жогорку сотто Temirov Live иликтөө каналынын журналисттерине чыккан чечими менен Кыргызстандын тарыхындагы сөз эркиндигинин одоно бузулушун оңдоого мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анын ордуна бул президент Садыр Жапаровдун авторитардык башкаруусун айгинелеп жатат», — деди CPJ уюмунун программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.

CPJ уюму камактагы Махабат Тажыбек кызы менен Азамат Ишенбековду токтоосуз бошотууга жана Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго коюлган айыптарды алып салууга чакырды.

25-февралда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы, акын, журналист Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева, Актилек Капаровдун иши Жогорку сотто каралды. Жогорку сот аларга чыгарылган райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырды.

2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровду үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылган.

Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева, Актилек Капаров кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча жапырт кармалган 11 журналисттин арасында.

Ленин райондук соту журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарып, калган журналисттерди — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбековду актоо чечимин чыгарган.

Сүрөт: Соттук отурум учурунда. 18-декабрь 2024. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты