Чыныбай Турсунбековдун кызы башка жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотулду
- 2 года мурун
Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекованы башка жакка кетпөө жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотту. Бул тууралуу «Азаттык» аталган соттун басма сөз кызматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Турсунбекованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү өтүнүч келтирген.
Экс-депутат, Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатынын ээси, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынган. Ал эми экинчи кызы Бегимай Чыныбай кызы жаш баласы болгондуктан, 24-августка чейин үй камагына алынган.
Райондук соттун маалыматында айтылгандай, Айдай Турсунбекова жана Бегимай Чыныбай кызына Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен кылмыш иши козголгон.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатына жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө чечимди мыйзамсыз чыгарылганын билдирген.
2022-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Акун” пансионатына тиешелүү баасы 371 миллион сомго бааланган 17,65 га жерди мамлекетке кайтарган.
Айдай Турсунбекова жердин бардык документтери мыйзамдуу экенин билдирген.
«Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын июль айында пандемия учурунда дүйнөдөн кайткан.
Сүрөттө: Чыныбай Турсунбеков кызы Айдай менен. Социалдык тармактан




