Чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоорун жарыялоодо кимден ката кеткен? Жооп

  • 2 года мурун

Чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоорун жарыялоодо Жусупбек Коргонбай уулунун кеңешчисинен ката кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тиешелүү териштирүүнүн негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун консультанты катачылыкка жол бергендиги аныкталды. Аталган депутат жогорудагы мыйзам долбоорунун демилгечиси эмес», — деп жазылат маалыматта.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин эмгек өргүүсүнүн убактысын узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатканы тууралуу ЖМКларга маалымат чыккан. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлган. Демилгечи катары депутат Жусупбек Коргонбай уулу көрсөтүлгөн. Анда чиновниктер жылына 28 күн эмес, 38 күнгө чейин акы төлөнгөн эс алууга чыга алат деп жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты