ЖКнын басма сөз кызматы чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоор Коргонбай уулунун колу менен келгенин билдирди

  • 2 года мурун

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин эмгек өргүүсүнүн убактысын узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатканы тууралуу ЖМКларга маалымат чыккан. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлган. Демилгечи катары депутат Жусупбек Коргонбай уулу көрсөтүлгөн. Анда чиновниктер жылына 28 күн эмес, 38 күнгө чейин акы төлөнгөн эс алууга чыга алат деп жазылган.

ЖКнын басма сөз кызматы чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоор Коргонбай уулунун колу менен келгенин билдирди

Сүрөт: “Спутник.кг”

Депутат чиновниктердин эмгек өргүүсү тууралуу сунуш бербегенин айтты

Бүгүн, 24-майда депутат мамлекеттик чиновниктердин эмгек өргүүсүнүн убактысын узартуу боюнча сунуш бербегенин Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Өзүм Санкт-Петербург шаарынан учуп келгениме эки күн эми болду. Жалган маалыматты абайласанар”, — деп жазды.

ЖКнын басма сөз кызматы чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоор Коргонбай уулунун колу менен келгенин билдирди

Ал Жогорку Кеңештин комитет жыйынында дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун сунуштабаганын айтты. “Маалымат каражаттары мени мамлекеттик чиновниктердин жана саясий кызматтагылардын эмгек өргүүсүнүн убактысын узартууну сунуштаптыр деп чыгышты. Мен шайлоодо чиновниктерди камчылап иштетип, мамлекетти алдыга жылдырууга салым кошом деп айткам”, — деди эл өкүлү.

Андан көп өтпөй коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан өчүрүлдү.

ЖКнын басма сөз кызматы чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоор Коргонбай уулунун колу менен келгенин билдирди

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов менен байланыштык. Ал мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин сайтына басма сөз кызматы жүктөй турганын билдирди. Анын айтымында, жогорудагы мыйзам долбоорун сайтка жарыялоо үчүн Жусупбек Коргонбай уулунун колу менен келген. “Бизге кат келет, ошонун негизинде сайтка коёбуз. Биз аткаруучубуз. Ким кол койсо ошонун атынан кат келет. Калганын ал киши (ред. Жусупбек Коргонбай уулу) өзү тактап жооп бериши керек. Анын колу менен кадимкидей эле кат келген. Кимден ката кеткенин өзү териштирет да”, — деди Эркинбек Каимов. Бул тууралуу депутаттын өзү менен байланышууга аракет кылдык, бирок жыйынтык чыккан жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты