Чет элдик жарандарга кол салгандардын жоопкерчилигин күчөтүү каралууда

  • 7 дней мурун

Кыргызстанда президенттик администрация чет өлкөлүк жарандарга кол салган, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендердин жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөп жатат.

Буга байланыштуу кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдун талкуусуна чыгарылды. Документ чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана аларга каршы кылмыштардын алдын алууга багытталган. Мыйзам долбоору инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдук тартипти, коомду, мамлекетти, конституциялык түзүлүштү деструктивдүү күчтөрдүн кылмыштуу кол салууларынан коргоо максатында иштелип чыкканы белгиленген.

«Мыйзам долбоорунун милдети чет өлкөлүк жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти күчөтүү болуп саналат» деп жазылган.

Президенттик администрация 17-18-май күндөрү Бишкекте катталган окуяны эске салган.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып, башаламандык жаралган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол күнү Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңжалдын натыйжасында 29 чет элдик жаран медициналык жардам сурап кайрылган, алардын 15и шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилген. Калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн. Денесине жана мүлкүнө зыян келтирилген бир нече чет элдик жаран ИИМге арыз менен кайрылышкан.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү», «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү», «Адам уурдоо», «Уурдоо», «Тоноо», «Каракчылык» беренелерине чет өлкөлүк жарандарга карата көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаганы үчүн өзүнчө квалификацияны караган түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

«Бул түзөтүүлөр жагымдуу жана коопсуз инвестициялык чөйрөнү камсыз кылууга, анын ичинен өлкөнүн аймагында окуган жана билим берүү секторуна финансылык каражаттарды салган студенттер үчүн оң таасирин тийгизет» белгиленген документтин негиздеме-маалымкатында.

ИИМ “Азаттыкка” берген комментарийинде бул окуяга байланыштуу 11 кылмыш иши козголуп, 75 жабырлануучу такталганын айткан. Жабыр тарткандар Пакистандын жана Бангладештин жарандары. Бардыгы болуп кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 21 жараны кармалган.

17-18-майдагы окуядан кийин Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкекке келип, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жарандардан кабар алып кеткен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты