«Чет элдик өкүл» мыйзамын демилгелеген Надира Нарматова Женева шаарына барды

  • 8 месяцев мурун

«Чет элдик өкүл» мыйзамын демилгелеген депутат Надира Нарматова Женева шаарына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова, Шарапаткан Мажитова жана Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева Женева шаарына иш сапары менен барып, Бириккен Улуттар уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын жыйынына катышууда.

Алсак, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жакырчылыкты жоюу маселелерин талкуулаган иш-чарада дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген делегациялардын сунуш-пикирлери каралууда.  Анын ичинен Жогорку Кеңештин депутаттары “Туруктуу жана ийкемдүү улуттук статистикалык системалар” темасындагы талкууга катышып, бул жааттагы эл тажрыйбалар боюнча баяндамаларды угушту.

Талкуу маалында калк турмушун жакшыртуу жана жакырчылыкты жоюу жаатындагы программалар тууралуу сөз болуп, туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгы айтылды.

Эске салсак, депутат Надира Нарматова 25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыккан.

“Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу” мыйзамды президенттик администрация 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну “мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо” зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Долбоордо Кыргызстанда “чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар” түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт.

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты