Чек ара кызматы: «Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон сакталып турат»

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат.
       
Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган.
        
Саат 8:55те аткылоо токтотулду.
        
УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты