Үч округ боюнча добуш берчү жайдан тышкары 918 шайлоочу добуш берди

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 993 шайлоочудан арыз түшкөн: №5 Ноокат шайлоо округу боюнча – 299,№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча — 100, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча – 594.

№5 Ноокат шайлоо округунда – 282 (94,31%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен: улгайгандыгына байланыштуу — 128, майыптыгы барлар — 54, ден соолугуна байланыштуу – 100.17 шайлоочу добуш берүүгө катышкан жок.

№36 Ысык-Көл шайлоо округунда – 89 (89%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен: улгайгандыгына байланыштуу — 36, майыптыгы барлар — 34, ооруп жаткандыгына байланыштуу –19 11 шайлоочу добуш берүүгө катышкан жок.

№29 Свердлов шайлоо округунда – 547 (92,09%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен: улгайгандыгына байланыштуу — 190, майыптыгы барлар — 87, ооруп жаткандыгына байланыштуу – 272.

47 шайлоочу добуш берүүгө катышкан жок.

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан, алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жана Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты