Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө электрондук аттестат берилди

  • 2 месяца мурун

Билим берүү жана илим министри жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө документтерди тапшырды. Ошондой эле, Кыргызстанда алгачкы жолу аттестаттар электрондук түрдө да берилди.

Бул тууралуу аталган министрлик маалымдады.

Маалыматка ылайык, быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаты эки форматта: электрондук жана кагаз түрүндө даярдалган.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мекемеси түзгөн “Күбөлүк” платформасынан бүтүрүүчүлөр аттестаттарын жеке идентификациялык номерин терип ала алышат.

 “Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот” деп айтылат маалыматта.

Санарип үлгүдөгү аттестатты орто мектепти 2018-жылдан бери аяктаган бүтүрүүчүлөр ала алары белгилүү болду. Быйыл 11-классты 76 миң 244, ал эми 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктаган.

Сүрөт: edu.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты