Бурул Усманалы, активист: “Мыйзам толук иштесе, Олжобай Шакир акталат болчу”

Бүгүн, 8-октябрда, жазуучу, публицист Олжобай Шакирди Жогорку сот үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгаруу чечимин чыгаргандан кийин жарандык активист Бурул Усманалы журналисттерге өз ой-пикирин билдирди.     

-Жарандык коом сүйүнүп жатабыз, коомчулук, туугандары канча күндөн бери соттон сотто жүрдүк, бир жылдан ашты. 21-августта камаган күнү да ушул жерде жүрдүк эле, УКМКнын алдында. Ошондон бери, канча соттон-сотко барып, жүрөк сыздап, туугандарын көрүп, андан бетер жаман болуп,  Ат-Башыдан келип жатышты.

Менин оюм боюнча, толук акташ керек эле, анткени кылмыштын курамы жок бул жерде, Конституциянын чегинде болгон анын жарандык ойлору. Кылмыш жок болгондуктан толук акташы керек эле, бирок андай болбой, жарым-жартылай, бошотту, ага да аябай сүйүнүп жатабыз. Үч жылдык пробация дейт, мен жеке адам катары, пробация менен чыгаруунун кыйтырлык жактарын көрөм, кайырмактан чыгарбай, эркиндикти кармап, бербей туруу. Бирок түрмөдөн чыгаргандыгына  өтө сүйүнүп жатабыз, эл дагы, үй-бүлөсү дагы. Бирок Кыргызстандын Конституциясы толук иштеши керек, бул киши туура иш кылган, баш аламандыкка чакырган эмес. Эгер мыйзам толук иштей турган болсо, акталат эле,-деди Бурул Усманаалы.  

Бүгүн, 8-октябрда, Жогорку сотто жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин аппеляциялык арызы каралды. Олжобай Шакирге жаза мөөнөтүн үч жыл пробацияда өтөө чечими чыкты.

5-августта жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимине, ошондой эле аны күчүнө калтырган Чүй облусттук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берилген.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталып, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголгон эле.

Видео: «ПолитКлиника»

Сүрөт: Интернет булактарынан

           

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты