БШК: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым эрежелер өзгөртүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына киргизилген  өзгөртүүлөр тууралуу билдирди.

БШКнын сайтында маалымдалгандай, аталган мыйзам менен шайлоону өткөрүүнүн негизги тартибин өзгөртүү каралган эмес: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорциялуу система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аркылуу, ал эми айылдык кеңештерде шайлоо – көп мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун айрым эрежелеринетөмөнкүдөй  өзгөртүү киргизилди:

 — шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7% дан 5% га чейин төмөндөтүлдү ;

 — талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө партиялар кеңештеги мандаттардын санына барабар сандагы талапкерлерди көрсөтүшөт (мурда бир жарым эсе көп болгон);

 — айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды (мурда күрөөнүн суммасы 1000 сом болчу);

 — майыптыгы бар адамдардын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдери кеңейтилет. Алсак, 49-берененин 7-бөлүгү саясий партияларды шаардык кеңештерге саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин түзүүдө 1ден кем эмес ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерди киргизүүгө милдеттендирген пункт менен толукталган; майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүнө конкреттүү талаптар белгиленген;

— ар бир участокто шайлоочулардын максималдуу саны 2500дөн 3000ге чейин көбөйтүлдү;

— административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигине карата талаптар күчөтүлдү. 

— шайлоого катышуу бөлүгүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына көрсөтүлгөн кызматта турган талапкерлерге карата талаптар күчөтүлдү. Алсак, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниети болгон учурда ким убактылуу, ал эми ким ыйгарым укуктарын толугу менен токтото турганы боюнча чектөө киргизилди.

Атап айтканда, шайлоого катышкан учурда депутаттарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери ыйгарым укуктарын толугу менен токтотушат;

— талапкерлер жана партиялар, эгерде алар үчүн берилген добуштар шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуунун натыйжасында жараксыз деп табылса, анда кийинки шайлоолорго катышууга укуксуз экендиги белгиленип, мындай учурларда партия тарабынан киргизилген шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт;

 — санариптештирүүгө байланыштуу айрым жол-жоболор такталды
— шайлоочуларды идентификациялоо электрондук документтерди пайдалануу менен ишке ашырылышы мүмкүн.

Ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жол-жоболоруна бир катар тактоолор каралган.

Мурда маалымдалгандай, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо президентинин тиешелүү жарлыгы менен 2024-жылдын ноябрь айына дайындалышы болжолдонууда.

Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты