БШК Мейкинбек Абдалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту

  • 4 недели мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-августтагы, жыйналышында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Бул тууралуу БШК маалымдады.

Абдалиевдин ыйгарым укуктарынын токтотулушуна анын арызы себеп болгондугу айтылды.

Мейкинбек Абдалиев парламенттин VII чакырылышына «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган. VI чакырылышта Абдалиев «Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайланган. Ал 2021-жылы да депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты