БШК Алтынбек Кылычбаевди Сузак шайлоо округу боюнча парламент депутаты кылып каттады

  • 6 дней мурун

Бүгүн, 30-сентябрда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Алтынбек Кылычбаевди №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

Бул тууралуу БШК билдирди.

№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрында өттү.

2024-жылдын 26-сентябрында БШКнын №150 токтому менен №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

Алтынбек Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Буга чейин БШК №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Алтынбек Кылычбаевди жеңүүчү деп тапкан.  

Алтынбек Кылычбаев шайлоочулардын 10 174 же 48.32% добушун алган. Кылычбаев 1977-жылы туулган. “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары болгон.  

Шайлоодо 81 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоо тизмесине 124 429 шайлоочу киргизилген.

Анда 15 талапкер катталып, шайлоого 7 талапкер катышкан.

Шайлоо жыйынтыгы боюнча Сузак округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 25-сентябрдагы протоколу боюнча, 22-сентябрдагы шайлоого 21 057 шайлоочу катышты, ал шайлоо тизмесине кирген шайлоочулардын 16.92% түздү.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген. Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты