БШК: «Абировдун шайлоого катышуу боюнча арызын жумушчу топ карайт»

  • 12 месяцев мурун

Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу боюнча арызын БШКнын жумушчу тобу карайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушчу топ Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу арызы мыйзамга туура келер-келбеси боюнча жыйынтык чыгарып, сунуш берет.

Эске салсак, Жаныбек Абиров 2021-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ушул жылдын 11-мартында Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети Башкы прокуратуранын Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча парламенттик комиссия түзүү чечимин кабыл алган.

БШК 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.

Бирок Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Учурда Абировду кошкондо кайра шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз берди. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты