Бразилияда X соцтүйүнү бөгөттөлөт

  • 2 недели мурун

2-августта Бразилиянын Жогорку сотунун коллегиясы Илон Масктын X социалдык медиа-платформасын (мурда Twitter) өлкө боюнча бөгөттөө боюнча соттун чечимин бир добуштан колдогон. Бул тууралуу Associated Press агенттиги соттун сайтына шилтеме берип, жазып чыкты.

Агенттик жазган маалыматта айтылгандай, соцтүйүндү бөгөттөө боюнча сессияда добуш берген коллегиянын курамына 30-августта түйүндү жапканга буйрук берген де Мораес кошулган беш судья кирген. Де Мораес Xти мыйзам талап кылгандай, жергиликтүү мыйзамдуу өкүлдүн атын атоодон баш тарткандыгы үчүн бөгөттөөгө буйрук берген деп айтылат. Эми 2-сентябрда анын чечими башка соттор тарабынан колдоо тапты. Бул Илон Масктын жана анын тарапташтарын Александр де Мораести Бразилиядагы саясий сөздү цензуралоого ниеттенген авторитардык ренегат катары көрсөтүү аракеттерин жокко чыгарат деп айтылат маалыматта.

Бөгөттөө чечимине ылайык, X соцтүйүнүнө VPN аркылуу кирүүгө аракет кылган жеке жактар же компаниялар күнүгө 50 миң реал (8900 доллар) айып пул төлөшөт.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты