Бостериде киши колдуу болгон жарандын өлүмү боюнча төрт адам 15 жылдан кесилди

  • 2 недели мурун

Ысык-Көл райондук соту Бостериде киши колдуу болгон жарандын өлүмү боюнча төрт адамды 15 жылдан кести.

5-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен төрт жаран Б.Б., Э.А., Ж.Р., А.У. 15 жылдан абакка кесилди. Алардын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет. Соттолгондордон жабырлануучуга 1 миллион 180 миң сом өндүрүлдү.

Эске салсак, былтыр 6-августта Бекбол Аманкулов Бостери айылында көл жээгинде каза болгон. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Президент Садыр Жапаров бул ишти өз көзөмөлүнө алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты