Садыр Жапаров Бостериде каза болгон жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Бостериде каза болгон жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Президент Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди» — деп жазды Султанбаев.

Эске салсак, Бостери айылындагы «Золотые пески» эс алуу жайында 23 жаштагы жигит каза болгон. Анын жакындары сабалганын айтууда, ал эми Ысык-Көл ОИИБ талмасы кармап каза болгон деген маалымат таратты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты