Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу: Эл аралык уюмдар сот чечимине тынчсызданышууда

Эл аралык уюмдар иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу  23-ноябрдагы сот чечимине тынчсыздануусун билдиришти.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул чечим сөз эркиндиги жана иликтөөчү журналисттердин жеке коопсуздугуна кепилдик берүү боюнча эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп эсептейт.

«Биз кыргыз бийлигин бул фундаменталдык эл аралык принциптерди толук сактоого чакырабыз», — деп айтылат өкүлчүлүктүн Твиттерге жарыялаган билдирүүсүндө.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттерге билдирүү таратып, «Журналисттерге өч алуудан коркпой иштөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин, сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголгонун, бул укуктар сакталышы зарылдыгын» белгиледи.

Ушул сыяктуу билдирүүлөрдү Улуу Британиянын, Франциянын элчиликтери да таратышты.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, журналисттин укугун коргоого үндөдү. Аталган уюм RSF Awards 2022 сыйлыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында Болот Темировдун да ысымы бар.

Норвегиянын Хельсинки комитети Темиров Орусияга депортацияланышы мүмкүн деген маалыматка тынчсызданып, Орусияда журналисттердин коопсуздугу коркунучта экенин эске салды.

Бүгүн, 23-ноябрда, Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Аны сот залынан кармап алып кетишти.

28-сентябрда Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов ага карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган чечим чыгарган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Болот Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы белгиленген эмес.

Сүрөт: RF/Rl

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты