Болот Темиров аэропортко жеткирилип, Орусияга депортацияланып жатканы айтылууда

  • 1 год мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров аэропортко жеткирилип, Орусияга депортацияланып жатканы айтылууда. Бул тууралуу 24.кг сайты өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды. Аны кайда алып кеткени белгисиз.

Болот Темировдун жактоочулары соттук коллегиядан Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүнү жана алардын кардарын кылмыштын курамы жок деп толук актап берүүнү өтүнүшкөн эле.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле соттолуучуга карата өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонуу, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты