Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши соттук кароого жөнөтүлдү

  • 2 года мурун

Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши соттук кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаеванын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, блогерге карата көрсөтүлгөн кылмыш курамдары боюнча айыбы угузулуп, иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү.

25-мартта AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту Батмакан Жолболдуеваны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты