«Биздин сунуштар эске алынган жок». ЖМК мыйзамы боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү нааразы болушту

  • 1 год мурун

Бүгүн, 16-майда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны белгиленген.

Анда жыйынга төрагалык кылган президенттин жана өкмөттүн укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев мыйзам долбоору бир күн мурун коомдук талкууга коюлганын билдирди. Ал жумушчу топтун мыйзамдуу мөөнөтү аяктаганын айтты.

Жумушчу топтогу медиа тармагынын өкүлдөрү алардын сунуштары эске алынбаганына нааразы болушту.

Юрист Нурбек Сыдыков алардын сунуштары угулбаганын билдирди.

«Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн президент тарабынан жумушчу топ дайындалган. Бүгүн жумушчу топтун ыйгарым укуктары бүткөнүн билдик. Биздин сунуштар угулган жок. Жумушчу топ биз тараптан эмес президенттик админисрация тарабынан экиге бөлүнүп калдык. Тең укуктуулук сакталган жок. Бизге варианттарды беришкенде сунуш пикирлерибизди бергенбиз, алар кайра эле башка варианттарды бере беришти. Бул жакшы жыйынтыкка алып келген жок», — деди ал.

Ал эми Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков мыйзам долбоору бир тараптуу болуп калганын билдирди.

“Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору президенттик администрациянын долбоору болуп эсептелет. Анда ар бир вебсайт каттоодон өтүшү керектиги жазылыптыр. Өзүнө жакпагандарды кайсы бир себептер менен каттабай коюуга ылайык бардык инструменттерди жазып коюшуптур. Мамлекеттик органдардын ишин чагылдыруу үчүн аккредитацияны атайын каттоодон өткөн гана журналисттер ала алары жазылыптыр» — дейт ал.

Президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа өкүлдөрү жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты