Бишкектин Биринчи май районунда таштандыны кайрадан «Тазалык» чыгара баштады

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май районунун аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын кайрадан «Тазалык» муниципалдык ишканасы чыгара баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мээриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Биринчи май районундагы линияда 14 атайын техника иштеп жатат жана  Муниципалдык ишкана тарабынан оңдолуп жаткан техникалар жарым-жартылай калыбына келтирилди.

«Тазалык»  муниципалдык ишканасы Биринчи май районуна сынак өткөрүлгөнгө чейин тейлейт.

7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө билдирүү таратып, бул районду «Эко Проф» жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

11-августта «Тазалыктын» айрым кызматкерлери мэриянын таштанды ташууну жеке компанияга берүү чечимине каршы нааразычылык акциясына чыгышкан.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылыктар көп айтылууда. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдирүүдө. Бирок айрым тургундар жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты